Кабыл алынган убакыт 27.02.2024, Түзөтүлгөн 16.05.2024, Кабыл алынган 17.06.2024
Азыркы учурда кан аздуулук айрыкча студенттердин арасында кандагы жашыруун темирдин жетишсиздиги оорусу жана башка кан оорулары көп кездешет. Бул ооруларга өтө деле маани бербегенибиз менен, кийинчерээк - булар башка бир коркунучтуу оорунун башаты болушу ыктымал. Ошондой эле кандагы жашыруун темирдин жетишсиздиги менен ооруган студенттерде: оюн бир жерге топтоого кыйналышат, эс тутуму бара- бара начарлайт, кийинчерээк окуган маалыматтарын деле жакшы түшүнүшпөй сабакка болгон кызыгуусу, аракети жоголот
кандагы темирдин жетишсиздиги; гемоглобин; ферритин