Кабыл алынган убакыт 19.02.2024, Түзөтүлгөн 10.05.2024, Кабыл алынган 17.06.2024
Документте жалпы гемофилия оорусу боюнча түшүнүк, Кыргызстандын түштүк аймагындагы балдардагы гемофилия оорусунун жүрүшүнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө маалыматтар берилген. Ош областтар аралык балдардын клиникалык ооруканасында «Д» каттоодо турган гемофилия диагнозу менен 61 бала изилденген. Бардык бейтаптар 2 топко бөлүндү: гемофилия А (55 - 90%), гемофилия В (6 - 10%). Бейтаптар жашы жана жынысы, клиникалык көрүнүштөрүнүн оордугу, жашаган жери боюнча жана Кыргызстандын түштүгүндөгү райондордун шартында талданышты. Анализ учурунда республиканын түштүгүндө гемофилия А оорусу басымдуулук кылары, тукум куучулуктун кесепетинен пайда болгон үй-бүлөлүк учурлар аныкталды. Алсак, Баткенден келген балдар көбүнчө оорунун орточо жана оор түрү менен гана кайрылары жана 1 кызда гемофилия В оорусу бар экендиги, аныкталды. Көп учурда Баткен жана Жалал-Абад облустарынын балдары Ош облустар аралык балдардын клиникалык ооруканасына эмес, Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна келип түшөрү аныкталды
гемофилия; гемартроз; гематома; кандын уютуучц факторлор; АЧТВ; коагулопатия; ООАБКО