Кабыл алынган убакыт 27.08.2024, Түзөтүлгөн 14.11.2024, Кабыл алынган 20.12.2024
Жогорку окуу жайларында билим берүү процессин жакшыртуу үчүн заманбап маалыматтык технологияларды колдонуу маанилүү. ОшМУнун Эл аралык медицина факультетинин студенттерине "Биохимия" дисциплинасын окутууда информациялык технологияларды колдонуу студенттердин билим алуу процесстерин жакшыртууга чоң салым кошот. Информациялык технологиялар, ошондой эле электрондук окуу материалдары, интерактивдүү платформалар жана онлайн сабактар биохимияны үйрөнүүдө студенттердин кызыгуусун арттырып, сабактын сапатын жогорулатат. Бул ыкмалар студенттерге өз алдынча изилдөө жүргүзүүгө, жаңы билимди тез кабыл алууга жана практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүүгө шарт түзөт. Мындан тышкары, онлайн платформалар жана диалогдук мугалим-студент системалары студенттердин сабакка активдүү катышуусун камсыздап, биохимия предметинин тереңдигин жана татаал маселелерин түшүнүүгө жардам берет. Ошондой эле, интерактивдүү тесттер, симуляциялык программалар жана виртуалдык лабораториялар студенттерге биохимиялык реакцияларды жана механизмдерди көрүп, аларды түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берет. Мындай инновациялык ыкмалар "Биохимия" сабагынын натыйжалуулугун жогорулатып, студенттердин билим деңгээлин арттырып, медициналык билим берүү системасын жаӊы деңгээлге көтөрөт
информациялык технология; жалпы жана клиникалык биохимия; билим беруу мейкиндиги; сервис Web 2.0; электрондук билим ресурсттары