Кабыл алынган убакыт 22.05.2025, Түзөтүлгөн 20.10.2025, Кабыл алынган 17.12.2025
Бул изилдөөнүн максаты – гипервитаминоз D, бийиктиктеги гипоксия жана курактын айкалышкан таасири астында кальций-фосфор алмашуунун бузулуу механизмдери боюнча учурдагы илимий маалыматтарды системалуу талдоо жана синтездоо, ошондой эле натыйжалуу түзөтүү ыкмаларын негиздөө болду. Илимий булактар салыштырма талдоо, маалыматтарды синтездоо жана маалыматты жалпылоо ыкмалары менен талданды. Талдоо көрсөткөндөй, Ca-P метаболизмин жөнгө салуу системасы – бул татаал тармак, анын борборунда D витамининин метаболизми турат, ал эми паратирин гормону менен FGF23 ортосундагы тең салмактуулук плазмадагы Ca жана P деңгээлин туруктуу кармап турууга жооптуу. Илимий булактарды талдоо метаболикалык бузулуулардын куракка байланыштуу мүнөздүү өзгөчөлүктөрүн аныктады. Маалыматтар сөөк ремоделирлөө деңгээли жогору болгон жаш организмдерде Ca/P теңсиздиги сөөк минералдык тыгыздыгынын 12-18 %га кыскарышына алып келерин көрсөттү, ал эми карыган организмдерде функционалдык резервдердин азайышы шартында прогрессивдүү остеомаляция жана бөйрөк жетишсиздигинин өнүгүшү тууралуу маалыматтар үстөмдүк кылат. Жогорку бийиктиктеги гипоксиянын таасири боюнча жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн обзору анын бөйрөк функциясынын бузулушун (креатининдин 0,81 ± 0,04 мг/длге чейин жогорулашы), электролиттердин теңсиздиги (кальцийдин 8,1 ± 0,6 мг/длге чейин төмөндөшү жана фосфордун 7,1 ± 0,4 мг/длге чейин жогорулашы) жана D витамининин метаболизминин адаптациясы, өзгөчө CYP27B1 экспрессиясынын жогорулашы аркылуу. Анализдин жыйынтыгында алынган корутундулар жогорку тоолуу аймактарда жашаган ар кандай курактагы бейтаптарга D витаминин коопсуз кошумча берүү боюнча илимий негизделген сунуштарды мындан ары иштеп чыгууда теориялык мааниге ээ
паратирин гормон; остеомаляция; жогорку бийиктиктеги гипоксия; куракка байланыштуу өзгөчөлүктөр; бөйрөк жетишсиздиги