Кабыл алынган убакыт 09.08.2023, Түзөтүлгөн 03.11.2023, Кабыл алынган 15.12.2023
Бул макалада гиперпролактинемиянын таралышы, себептери, диагностикасы жана дарылоо ыкмалары жөнүндө маалыматтар келтирилген. Гиперпролактинемия (ГП) гипоталамус – гипофиз системасынын патологиясы менен байланышкан эң кеңири таралган оорулардын бири. ГП диагнозу жана дарылоосу эндокринологдордун жана башка адистиктердин дарыгерлеринин клиникалык практикасында актуалдуулугун сактайт Акыркы жылдары пролактиндин бөлүнүп чыгышына байланыштуу оорулар жана синдромдор ар кандай адистиктеги дарыгерлердин көңүлүн бурууда. Мурда жөнөкөй роль берилген пролактиндин ашыкча секрециясы менструалдык циклдин бузулушу, аялдардагы тукумсуздук, дибидонун төмөндөшү, эркектердеги гинекомастия учурларынын 35% дан ашыгында байкалаары аныкталган. Бул иштин максаты гиперпролактинемия жана анын аял менен эркектин организминин репродуктивдүү системасынын иштешине тийгизген таасири жөнүндө илимий маалыматты изилдөө жана жалпылоо болуп саналат. Бул макалада ятрогендик гиперпролактинемия менен клиникалык учур келтирилген
гиперпролактинемия; диагностика; дарылоо; клиническалык абал