Кабыл алынган убакыт 22.08.2024, Түзөтүлгөн 13.11.2024, Кабыл алынган 20.12.2024
Заманбап технологиялар, мисалы, компьютерлер, смартфондор жана планшеттер, күнүмдүк жашоонун ажырагыс бөлүгүнө айланды. Бирок, аларды ашыкча колдонуу ден соолукка терс таасирин тийгизип, чарчоо, көрүүнүн начарлашы, иммунитеттин төмөндөшү жана нерв системасынын бузулушу сыяктуу көйгөйлөргө алып келиши мүмкүн. Бул макалада монитордун алдында узак убакыт отуруунун негизги көйгөйлөрү каралып, алардын алдын алуу ыкмалары катары дары өсүмдүктөрдү колдонуу сунушталат. Ромашка, жалбыз, жашыл чай, календула, итмурундун жана башка өсүмдүктөрдүн пайдалуу касиеттери сүрөттөлөт. Алардын организмди детоксикациялоо, нерв чыңалуусун басаңдатуу жана иммунитетти бекемдөө үчүн маанилүүлүгү баса белгиленет. Макалада санарип чөйрөдө ден соолукту сактоо үчүн фитотерапияны колдонуу боюнча сунуштар берилет
электромагниттик нурлануу; фитотерапия; детоксикация; фитокомпоненттер; дары өсүмдүктөр